БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Киевдин ыраакка атылуучу ATACMS ракеталарын Брянск облусуна каршы колдонушу АКШнын абалды курчутууга ыктаганын билдирет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бразилияда өтүп жаткан "Чоң жыйырмалыктын" саммитинин алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"ATACMS ракеталарынын түндө Брянск облусуна сокку уруу үчүн бир нече ирет пайдаланылышы — алардын кырдаалды курчутуу ниетин көрсөткөн белги", — деди дипломат.
Министр бул жогорку технологиялык ракеталарды америкалыктарсыз колдонуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, АКШга Россиянын өзөктүк доктринасын жакшылап окуп чыгууну сунуштады.
Эскерте кетсек, түндө Украина Куралдуу күчтөрү ATACMS ракетасы менен Брянскидеги объектилерге алты ирет чабуул жасаган. С-400 жана "Панцирь" системалары беш ракетаны атып түшүрүп, алтынчысын жарактан чыгарган. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.