Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Боррель жыл соңуна чейин Украинага миллион снаряд берилип бүтөрүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. ЕБдин дипломатия башчысы Жозеп Боррель Владимир Зеленский менен жолукканда ЕБ убада кылган миллион снарядды жылдын соңуна чейин берип бүтөрүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жылдын аягына чейин бир миллион артиллериялык снаряд берүү боюнча милдеттенмебизди аткарарыбызды айттым", — деп жазган Боррель X социалдык тармагына.
Буга чейин ал Украинана курал-жарак беребиз деп европалык өлкөлөр аскердик корун бир топ эле азайтып алганын белгилеген.
Россия Батыш Украинага курал-жарак жеткирүү менен кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралаштырып "от менен ойноп жатат" деп эсептейт.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШ менен НАТО чыр-чатакка батыл катышып жатканын айтып келет. Алар Киевге курал-жарак эле бербестен, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдүн аймагында адистерди да даярдашууда.
Кремлдегилер Батыштын Украинаны курал менен камсыз кылып жатканы абалды ого бетер курчутуп, сүйлөшүүгө алып келбей, тескерисинче, терс таасир тийгизерин билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ адистерине Украинага куралдарды оңдоо үчүн барышына шарт түзүлдү