Балыкчыдагы машыгуулар: ЖККУнун өкүлдөрү даярдыкты көрүштү

Ысык-Көлдө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары башталганы турат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Балыкчыга ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков жана уюмдун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
1 / 3

Балыкчыга ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков жана уюмдун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков келди

2 / 3

Конокторду Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов тосуп алды

3 / 3

Ал "Өз ара аракеттенүү", "Издөө" жана "Эшелон" машыгууларынын даярдыктарынын жүрүшү менен тааныштырган

Конокторду Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов тосуп алды.
Ал "Өз ара аракеттенүү", "Издөө" жана "Эшелон" машыгууларынын даярдыктарынын жүрүшү менен тааныштырган.
"Алар окуу-машыгуу талаасындагы даярдыктарды, андагы командалык пунктуларды, аскер талаа госпиталы менен аскердик контингенттер жайгашкан казармалардын абалын көрүп чыгышты", — деп билдирди министрлик.
Машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУ катчылыгынын жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.
Андрей Сердюков ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын максатын айтты