Токтогулда менчикке өтүп кеткен автобекет, кинотеатр, дүкөн мамлекетке кайтарылды

УКМК учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо, аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет, соода комплекси, кинотеатр жана жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылганын УКМК кабарлады.
1 / 6

Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен автобекет, соода комплекси, кинотеатр жана жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылганын УКМК кабарлады

2 / 6

Маалыматта базар баасы 34 миллион сомдук автобекет мындан 15 жыл мурун төмөн баа менен жеке жактарга сатылып кеткени айтылат

3 / 6

Ал эми Торкен айылындагы 2 342 чарчы метрлик соода комплексинин базар баасы 4,1 миллион сомду түзөт

4 / 6

Буга кошумча, Токтогул шаарынын мэриясына өткөн жайкы кинотеатр 1,43 гектарлык жер тилкеси менен кошо менчикке өтүп кеткени аныкталган

5 / 6

Мындан тышкары, Токтогул шаарындагы Тайбала-Кечүү тилкесинде жайгашкан көп жылдык көчөттөрү бар эки гектар жер тилкеси да мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын базар баасы 7 миллион сомду түзөт

6 / 6

УКМК учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо, аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи

Маалыматта базар баасы 34 миллион сомдук автобекет мындан 15 жыл мурун төмөн баа менен жеке жактарга сатылып кеткени айтылат. Ал эми Торкен айылындагы 2 342 чарчы метрлик соода комплексинин базар баасы 4,1 миллион сомду түзөт. Буга кошумча, Токтогул шаарынын мэриясына өткөн жайкы кинотеатр 1,43 гектарлык жер тилкеси менен кошо менчикке өтүп кеткени аныкталган. Баасы 73,6 миллион сом экени белгилүү болду. Мындан тышкары, Токтогул шаарындагы Тайбала-Кечүү тилкесинде жайгашкан көп жылдык көчөттөрү бар эки гектар жер тилкеси да мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын базар баасы 7 миллион сомду түзөт.
УКМК учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо, аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.
Кара-Сууда 351,5 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды