Нарында күйөөсү аялынын жумушуна барып бычак сайган

Sputnik
БИШКЕК 1-сен. — Sputnik. Нарын шаарында күйөөсү аялынын жумушуна барып бычак сайган. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Окуя 31-август күнү болгон.

"Нарын шаарынын 42 жаштагы М.Н. аттуу тургуну Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 43 жаштагы С.А. аттуу аялын бычак менен сайып салган", — деп айтылат маалыматта.

Жаракат алган аял оорукананын хиругия бөлүмүнө жаткырылса, жолдошу ШИИБ тарабынан кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Жалал-Абад: күйөөсү кош бойлуу аялын жылаңачтап сабаган. Милиция окуя тууралуу