Бишкектеги Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Буга чейин Абдраман Аскарбеков Туңгуч кичи району жактан каналга агып кеткени кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте Октябрь районундагы Көк-Жар айылынан сууга агып кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 30-августта, Чоң Чүй каналында адамдын сөөгү агып баратканын көргөндөр ӨКМге маалымат берген.
"Куткаруучулар баланын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык 23-августта болгон. Өспүрүмдү издөөгө 30 куткаруучу жана баланын туугандары тартылган. Ал арада баланын ата-энеси коомчулукка кайрылып, 15 жаштагы Абдраман Аскарбеков Туңгуч кичи району жактан каналга агып кеткенин айтып, издөө иштерине жардамдашууну өтүнүшкөн. Атасы Намазбектин айтымында, баланын жанындагы 17 жаштагы агасынын куткарууга чамасы келбей калган.
Ысык-Көлдүн бир нече айылында селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Видео