УКМК: Таластагы кенди иштетүүгө мыйзамсыз лицензия берген аткаминер кармалды

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензия жокко чыгарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Геологиялык кызматынын жер казынасын иштетүү башкармалыгынын жетекчиси К.Р.К менен П.А.Т. ЖЧКсынын мурдагы жетекчиси К.А.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 2

Маалыматка караганда, экөө тең Талас РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген

2 / 2

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензия жокко чыгарылды

Маалыматка караганда, экөө тең Талас РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Тараптар макулдашып алып алтын, күмүш, жез, коргошун, висмут жана цинкке геологиялык издөө иштерин жүргүзүү максатында мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жер казынасын пайдалануу укугу боюнча лицензияны мыйзамсыз трансформациялашкан. Мындай коррупциялык схема таза иштеген компанияларга тоскоолдук кылып, инвестициялык климатка терс таасир тийгизген", — деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында алтындын 10 тоннадан ашык запасы бар жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензия жокко чыгарылды.
Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Радио
Кыргызстанда критикалык минералдар жана сейрек металлдар изилденет