Кыргыз Республикасынын эл артисти Нуртай Борбиев 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун жардамчысы болуп иштеп баштайт. Анын “Манасчы”, “Алайдын кардында”, “Бакча”, “Мурас”, “Ак илбирстин тукуму”, “Булуң аттын тумшугу” жана башка тасмалары кыргыз киносунун сыймыгына айланган. Талыкпаган эмгегинин аркасында ал өз элинин эстетикалык аң-сезимин өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон. Анын чыгармачылыгынын туу чокусу Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасы болуп саналат.Опол тоодой эмгектин артында калган таарыныч, ой-толгоолор...атактуу инсандын эскерүүсүндө.