Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украина армиясынын Курскиге чабуулун чагым деп атады

Подводка: РФ лидери күч түзүмдөрүнүн аткылоого алынган аймак тууралуу маалыматтарын укмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Киев бийлиги кезектеги масштабдуу чагымын жасап, туш келди ок чыгарууда. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путиндин айтканы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.
"Өзүңөргө маалым болгондой, Киев бийлиги кезектеги масштабдуу чагымын жасады. Куралдын ар кыл түрлөрү, анын ичинде ракета менен туш келди жерлерди, имараттарды, турак жайларды, тез жардам машиналарын аткылап жатат", — деген Путин Россиянын министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен болгон жыйында.
Россия лидери күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, Курск боюнча маалыматтарды, докладдарын угарын айткан.
Эске салсак, Украина менен чектешкен аймакта экинчи суткадан бери айыгышкан кармаш жана жапырт аткылоо болууда. Кечээ, 6-августта, Украинанын диверсиялык-чалгын топтору чек арадан өткөнгө аракет кылган. Ал эми аймак дрон жана ракета менен жасалган чабуулдарга кабылып жатат.
Учурда Курск аймагындагы кырдаал чыңалган тейде турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи Украина армиясынын Курскиге чабуулун теракт деп атады