Пресс-борбор

Милициянын коргоо ордерлерин алгандар көбөйдү. Себеби

Быйылкы жарым жылда 6 миң 749 коргоо ордери берилип, былтыркыга караганда көрсөткүч өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Соңку жылдары коргоо ордерлерин алгандар көбөйдү. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө пунктуларын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жарым жылда 6 миң 749 коргоо ордери берилип, былтыркыга караганда көрсөткүч өскөн.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө пунктуларын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев
"Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйгөнүн эмес, жарандар милицияга кайрыла баштаганынан кабар берет. Коргоого муктаждардын баары эле аялдар дебейм, эркектер дагы бар", — деди Сапарбаев.
Коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жаранга үч күнгө берилет. Эгер бул мөөнөттө өнөктөшү тарабынан коркунуч сакталса, ордердин мөөнөтү 30 күнгө узартылат.
Белгилей кетсек, өлкөдө аялдарга карата жасалган зомбулук каргашага алып келген учурлар катталууда. Учурда Айтурган Маматкулованын сырдуу өлүмү коомдо резонанс жаратууда. Маркумдун туугандары келиндин өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алды.
Балдар зомбулугуна жол берилбейт! Мэрия ишеним телефондорун эске салды