Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

Бишкекке прокурорлордун жыйынына ШКУ жана ТМУ өлкөлөрүнөн 16 делегация келет

Бир катар маанилүү маселелер талкууланып, документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Башкы прокурорлордун Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин 22-жыйыны жана Түрк мамлекеттер уюмунун 3-отурумунун алкагында Кыргызстанга 16 делегация келери күтүлүүдө. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, делегациялардын айрымдары Бишкекке келди.
"16 делегациянын ичинен 12си — катыша турган өлкөлөрдүн өкүлдөрү. Калган төртөө — ШКУ жана ТМУнун катчылыгы", — деди Асаналиев.
Анын айтымында, ШКУнун алкагында санариптештирүү доорундагы прокуратура органдарынын ролу жана учурдагы чакырыктарга жасалчу жооптор талкууланат. ТМУнун алкагында прокуратура органдарынын алакасын бекемдөө жана глобалдык көйгөйлөр боюнча кеп болот.
Отурумдун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлат:
кызматташууну улантуу жана ишти күчөтүү жөнүндө протокол (ШКУ);
эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча декларация (ТМУ).
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Кыргызстан менен Азербайжандын башкы прокурорлору эки документке кол коюшту