Бишкекте таштандыны чар-жайыт төккөндөр эми камера менен көзөмөлдөнөт

Таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл орнотулуп, алар аркылуу курулуш, тигүү цехтеринин калдыктарын таштагандарды аныктоо максатталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштандыны белгиленбеген жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Алар курулуш, тигүү цехтеринин калдыктарын таштагандарды аныктоого жардамчы болот. Эреже бузгандардын видеолору мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат.
Таштанды челекке "жетпей калган" жеке жактарга (тиричилик таштанды үчүн) 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүштүк, өнөр жай таштандысы үчүн жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
Таштандыны туура эмес жерге ыргыткандарга айып салынат! Мэриянын эскертүүсү