Путин: Европа Россия менен жакшы алакада болсо өзүн сактап кала алат

Путин Россия Европага кол салат деген болбогон кеп экенин кошумчалап, кооптуулук Россиядан эмес, АКШдан жаралып жатканына токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Европа өнүгүү борборлорунун бири катары өзүн Россия менен жакшы мамиледе болсо гана сактап кала алат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин ТИМ жетекчилиги менен жолугушуп жатып айтты.
"Эгер Европа өзүн дүйнөлүк өнүгүүнүн өз алдынчалуу борбору жана планетанын маданий-цивилизациялуу алкагынын бири катары сактап калгысы келсе, анда сөзсүз Россия менен жакшы мамиледе болууга тийиш", — деди россиялык лидер.
Президент мындай айкын нерсени азыр бирөөнүн кол жоолугуна айланып калган статисттер эмес, чыныгы европалык жана дүйнөлүк масштабдагы саясатчылар жакшы түшүнүп келгенин эске салды.
Путин Россия Европага кол салат деген болбогон кеп экенин кошумчалап, кооптуулук Россиядан эмес, АКШдан жаралып жатканына токтолду.
"Европа үчүн Россия кооптуулук жараткан жок. Европа ушу тапта АКШдан аскердик, саясий, технология жана маалымат жагынан көз каранды. Кооптуулукту ушул көз карандылык жаратууда. Европаны барган сайын глобалдуу экономикалык өнүгүүдөн четтетип, миграциялык жана башка курч көйгөйлөрдүн чордонуна түртүп, маданий иденттүүлүгүнөн ажыратып жатышат", — деди Путин.
Путин: дүйнө кайтпай турган чегине жакындап калды