БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Токмок шаарынан үч бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин турмуштук оор кырдаалга кабылган келин Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган.
Батирде бардык керектүү эмеректер бар. Аял УКМКнын башчысына сезимталдыгы жана маселени ыкчам чечкени үчүн ыраазычылык билдирди.