Пресс-борбор

Энергетика министри эмнеге ГЭСтин агрегаты азыр токтотулганын түшүндүрдү

Мекеме жетекчиси электр энергиясына чектөө эртең мененки саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 19:00дөн 21:00гө чейин киргизиле турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда электр жарыгы аргасыздан өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
КР энергетика министри Таалайбек Ибраев
Анын айтымында, энергетиктер Токтогул ГЭСинде агрегаттардын бирин реконструкциялоодо. Мындан улам жарык айла жоктон өчүрүлүп жатат.
"Жалпысынан Токтогул ГЭСинде кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон төрт агрегат бар. ГЭС 2021-жылдан бери реконструкцияланып келе жатат. Эки агрегат алмаштырдык, дагы экөө калды. План боюнча, подрядчы уюм агрегатты 20-февралда алышы керек эле. Бирок суукка байланыштуу иш 5-мартка жылган", — деген министр.
Ал агрегаттарды подрядчы компанияга бербесе 1-ноябрга чейин реконструкция иштери бүтпөй калмактыгын кошумчалаган.
"Эгер компания бул убакытка чейин агрегатты реконструкциялап бүтүрбөсө, аны биз ишке киргизе албайбыз. Электр жарыгын да аргасыздан өчүрүп жатабыз", — деген ал.
Жаман көрүнсөм мейли. Садыр Жапаров электр жарыгын чектөө боюнча үн катты