Баткенде автоунаадан 3 000 куту наркотикалык дары табылып, айдоочусу кармалды

Факт Кадамжай РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Баткенде "Допинг" иш-чарасы учурунда наркотикалык дарыларды ташууга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ОИИБдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштегендер Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы Ош — Исфана жолунда Ош шаарынын 32 жаштагы А.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан Toyota Land Cruiser автоунаасын текшеришкен. Жыйынтыгында көлүктүн ичинен Лирика, Зардекс аталышындагы капсула сыяктуу заттарды табышкан.
1 / 2

Билдирмеге караганда, ОИИБдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштегендер Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы Ош — Исфана жолунда Ош шаарынын 32 жаштагы А.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан Toyota Land Cruiser автоунаасын текшеришкен

2 / 2

Жыйынтыгында көлүктүн ичинен Лирика, Зардекс аталышындагы капсула сыяктуу заттарды табышкан

"Шектүү Зардекс дарысынан 2 700 куту, ал эми Лирика дарысынан 400 куту алып баратканы такталып, аларга тийиштүү экспертизалар дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Кадамжай РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталганы кошумчаланды.
Радио
Быйыл канча тонна баӊгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылды