Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн сатып алат? Тизме

Кыргызстан эгин менен өзүн-өзү толук камсыздай албайт, андыктан ун менен буудайды ири көлөмдө импорттойт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстан буудайды негизинен Россиядан сатып алса, унду Казакстандан алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан эгин менен өзүн-өзү толук камсыздай албайт. 2023-жылдын январь-октябрь айларында өлкө 244,9 миң тонна буудай импорттогон.
Саткан өлкөлөр:
Россия — 237,4 миң тонна;
Казакстан — 7,5 миң;
Түркия — 200 кг.
2022-жылы 214 миң тонна буудай сатып алган, дээрлик баарын Россия экспорттогон.
Буга чейин Кыргызстан буудайды негизинен Казакстандан алып келсе, кийинки убактарда Россияга ыктай баштады.
Былтыркы жылдын он айында республика 27,1 миң тонна буудай унун төмөнкү мамлекеттерден сатып алган:
Казакстан — 24,4 миң тонна;
Россия — 2,6 миң;
Өзбекстан — 68 тонна;
Түштүк Корея — 200 кг.
Ал эми 2022-жылы 26,9 миң тонна ун импорттогон.
Жыйынтыктай келгенде Кыргызстан керектүү ун менен буудайды негизинен ЕЭАБ өлкөлөрүнөн алары белгилүү болду.
Радио
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот