АКШнын мамлекеттик карызы алгачкы жолу 34 триллион доллардан ашты

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик карызы алгачкы жолу 34 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости Американын Каржы министрлигине шилтеме берип жазды.
Штаттардын Каржы министрлигинин соңку маалыматтары боюнча, карыз 34,001 триллион долларды түзгөн. 2023-жылдын күз айынын башында бул көрсөткүч 33 триллион доллар болчу.
РИА Новостиге эксперттер Вашингтонго мындай ири мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттин кирешесинин үчтөн бир бөлүгүн жумшоого туура келерин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: АКШнын Россияны Украина аркылуу алсыратуу максаты ишке ашкан жок