Чет элдик адистер келет. Бишкекте Айтматовго арналган ири форум өтөт

Форумда Айтматов институтун түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык форум өтөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
"Чыңгыз Айтматов. Биз бир кемедебиз. Чыгармачылыгы орус тилинде" аттуу эл аралык форуму 13-14-декабрь күндөрү болот.
Форумга Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген кырктан ашык академик, Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Грузия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан театр, кино ишмерлери чакырылган.
"Эл аралык форумда Айтматовдун руханий мурасын изилдөөнүн жаңы багыттарын жана темаларын аныктоо, ошондой эле эл аралык Айтматов институтун түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу талкууланат", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленип жатат, анын алкагында бир катар иш-чара өтөт.
Бишкекте Айтматов менен Гамзатовдун чыгармачылыгы боюнча лекция окулат