БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиянын экономикасы боюнча атайын программасына кирген (СПЕКА) өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышуу үчүн Баку шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, саммит Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин төрагалыгында өтөт. Быйыл СПЕКА программасынын 25 жылдыгы белгиленери маалым болду.
"Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат. Ошондой эле региондогу өлкөлөрдүн экономикаларын чыңдоого багытталган бир катар документтерди кабыл алышат", — деди Азымбакиев.
Ал Жапаровдун Алиев менен да жолуга турганын кошумчалады.
Эске салсак, Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Минск шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.