Өлкөдө канча адам чакан жана орто ишкерлик менен алектенери айтылды

Бул тармакта иштеген адамдардын саны 92,1 миңди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 16,6 миң чакан жана 800 орто ишкана бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын башына карата чыгарган маалыматында камтылган.
Ишканалардын 30,2 пайызы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо боюнча, 13,7 пайызы өнөр жай, 11,4 пайызы курулуш тармагында иш жүргүзөт.
1-январга карата өлкө аймагында 442,5 миң жеке ишкер катталган. Ал эми дыйкан чарбалардын саны 473,2 миңге жетет.
2022-жылдын жыйынтыгы менен чакан жана орто ишкерлик субъектилери тарабынан өндүрүлгөн товарлар ички дүң продукциянын 43,3 пайызын түзгөн. Ал жакта иштеген адамдардын саны 92,1 миңди түзүп, орточо маяна 15 944 сом болгон. Бул сумма өлкөдө белгиленген орточо эмгек акыдан (2023-жылдын январына карата 26 540 сом) төмөн.
Министрлик: “Социалдык келишимдин” суммасы өзгөрбөйт, 200 миңди алуу шарты башкача