ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

25-27-октябрда Бишкек менен Чүйдүн айрым көчөлөрү жабылат

Бул күндөрү ордо калаада үч ири иш-чара өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 25-27-октябрда Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрүнө чектөө киргизилерин ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Бул күндөрү Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтмөкчү. Ага катышуу үчүн ШКУ жана КМШнын өкмөт башчылары, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери, Монголиянын премьер-министринин келиши күтүлүүдө.
"Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Тосула турчу жолдор:
Фучик көчөсү "Манас" аэропортунан Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспекти Фучиктен Манас проспектисине чейин;
Манас проспектиси мамлекеттик резиденцияга чейин;
Садырбаев көчөсү резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа калтырбоого, оор жүк ташуучу унаа айдоочуларын зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга жана жалпы айдоочулардан жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилери эскертилди.
Бишкек — Ош жолунда маршруткалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Себеби