Билим берүү министри Кендирбаева орус тилинин Кыргызстандагы ордун белгиледи

Кендирбаев өлкөдө орус тилдүү мектептерге педагог, кадр даярдоочу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу борбор жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева орус тилинин өлкөдөгү ордун жана маанисин белгиледи.
Министр КРСУда өтүп жаткан "Славян университети — 2050: келечеги жана артыкчылыгы" аттуу панелдик дискуссияда сөз сүйлөгөн. Иш-чарага Россиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков да катышкан.
"Бүгүн биз РФ министри менен окуу жайдын келечегин талкууладык. Эл арасында орус тилин үйрөнүүгө муктаждык күч. Кыргызстанда орус тилдүү 200дөн ашык мектеп бар. Менчик мектептердин басымдуу бөлүгү да орус тилинде билим берет. Тилекке каршы, ошол мектептерге педагог, кадр даярдап бере турган, квалификациясын жогорулаткан борбор жок", — деген министр.
Кендирбаева КРСУ окуу жайына ийгилик каалап, Кыргызстан Россия менен маданият аралык кызматташтыкты бекемдөө демилгесин уланта турганын белгилеген.
Химия, биология боюнча эл аралык олимпиадада жеңген окуучулар акчалай сыйланды