Бишкектеги КМШ саммити

12-13-октябрда Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрү жабылат

Бул Кыргызстанда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 12-13-октябрда Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрүнө чектөө киргизилерин ИИМдин маалымат кызматы кабарлап, ал көчөлөрдүн картасын жарыялады.
Бул Кыргызстанда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине байланыштуу.
Делегациялар өткөн учурда тосула турчу жолдор:
Фучик көчөсү "Манас" аэропортунан Чүй проспектисине чейин;
Чүй проспекти Фучиктен Манас проспектисине чейин;
Манас проспектиси мамлекеттик резиденцияга чейин;
Садырбаев көчөсү резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу Кантка чейин.
Бишкектеги КМШ саммити
Путиндин Кыргызстанга келер күнү аныкталып, Кремль даярдык көрүүдө