1-октябрга карата аба ырайы

1-октябрга караган түнү Ысык-Көл жана Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, жекшембиде, күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14...+19 жана Нарын жергесинде +12...+17 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.
Улгайгандын баары интернатта жашай алабы? Эмгек министрлигинин жообу