Караколдо Жапаровго кайрылып таанылган 11 жаштагы Бекболот изделип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө Садыр Жапаровго кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган 11 жаштагы Бекболот Турдушев изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, баланын атасы Каракол милициясына кайрылып, 5-класста окуган уулу 25-сентябрь күнү саат 15:00дөр чамасында достору менен көчөгө чыгууга суранып кеткен бойдон дайынсыз экенин айткан.
Бекболот Ысык-Көлдүн Балбай айылынын тургуну. Ал 2021-жылы айылдагы мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп президентке кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган. Андан соң президент балбайлык окуучу менен жолуккан.
Бишкекте жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды