Азербайжан Карабахта "антитеррордук операция" баштады

Сокку аскердик объектилерге гана урулду. Жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Тоолуу Карабахта локалдык маанайдагы антитеррордук иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.
"Иш-чаранын алкагында жогорку тактыктагы куралды колдонуу менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы линиясындагы жана тереңдеги түзүлүштөрү катардан чыгарылууда", — деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.
Сокку аскердик объектилерге гана урулду. Жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганы белгиленди.
Көрүлгөн чара тууралуу россиялык тынчтык орнотуучу контингенттин командачысына жана Түрк-Россия бирдиктүү мониторинг борборуна маалымат берилди.
ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин колдой турганын билдирет