БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Санкт-Петербургда 28-августта КМШ мамлекеттеринин копродукциялык долбоорлорунун питчинги өтүп, кыргыз актеру Рустам Акматовдун "Мама Тоня" долбоору жеңүүчүлөрдүн бири болду.
Акматов Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде "Мама Тоня" тасмасы Токтогон Алтыбасарованын өмүр таржымалынын негизинде түзүлгөнүн билдирди.
"1942-жылдын жай айында Күрмөнтү айылында жашаган Токтогон Алтыбасарова Ленинград блокадасынан алып келинген 150 баланы камкордукка алып гана чектелбестен, аларга дос, кеңешчи жана эне болуп берген. Токтогон жаш экенине карабай айылдык кеңештин төрайымы болгондуктан мойнундагы жоопкерчилик чоң эле. Бирок ага карабастан жүздөн ашык баланы өз баласындай баккан. Ошол кезде Күрмөнтүдөгү ар бир үй-бүлө Ленинграддан келген экиден-үчтөн баланы багып алышкан. Ушунун баарын "Мама Тоня" фильминде көрсөткүм келет. Биз өз тарыхыбызды билишибиз керек", — деди актер.
Акматов питчингге катышуу кинематографисттер үчүн жакшы старт экенине дагы токтолду.
"ШКУ мамлекеттеринин IV эл аралык кинофестивалы катышуучулар үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат. Питчингге катышуу үйрөнчүк жана тажрыйбалуу кинематографисттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Мисалы, мамлекеттин колдоосу менен долбоорду тийиштүү деңгээлде ишке ашырсаң болот. Питчингге Маданият министрликтеринин, түрдүү кинематографиялык уюмдардын жана ар кайсы мамлекеттердеги компаниялардын өкүлдөрү катышып келет. Бул — киноиндустрия үчүн чоң колдоо", — деди актер.