КМШга төрагалык кылган бир жылда Кыргызстан эмнеге жетишти? Рыскулова менен маек

© Sputnik / Акбар АкжигитовКМШнын Экономикалык кеңешинин Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова
КМШнын Экономикалык кеңешинин Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Жазылуу
КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бишкекке 13-октябрда жыйынга чогулат. Пландалып жаткан иш-чарада шериктеш мамлекеттердин лидерлери Кыргызстандын КМШга төрагалык кылган бир жылды жыйынтыкташат.
КМШда кандай милдеттер аткарылып, кайсы темалар учурдун урунттуу маселелерине айланды? Уюм Кыргызстан төрагалык кылган жылдын ичинде кандай жыйынтыктарга жетишти? КМШнын бизнес чөйрөсүндө республиканын бедели кандай, инвестиция күтсөк болобу? Ушул жана башка соболдордун тегерегинде Sputnik Кыргызстан радиосуна КМШнын Экономикалык кеңешинин Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова маек куруп берди.
— Айтыңызчы, өлкөбүздүн КМШга төрагалыгы алдындагы жыл кандай өтүүдө?
— Быйыл чындыгында биз үчүн маанилүү жыл, өлкөбүзгө ушундай ири эл аралык уюмга төрагалык кылуу энчиси он жылда бир тиет. Бүгүнкү күндө биздин өз ара мамилелердин бардыгы, атап айтканда, чек араларды таануудан тарта социалдык, миграциялык, экономикалык, саясий маселелерге чейин КМШ аянтчасында турат. СССР ыдыраган соң өлкөлөр ортосунда ушул макулдашууларга алгачкылардан болуп кол коюлган.
Ошондой негизги документтердин бири болгон Эркин соода аймагы жөнүндөгү макулдашуу — КМШнын бүт өлкөлөрү үчүн эбегейсиз рынокто өзүн эркин сезүүнүн өзгөчө мүмкүнчүлүгү. Дал ушул Шериктештиктин аянтчасында Евразиялык экономикалык биримдик, ЖККУ жана Кыргызстан мүчө болгон бир катар эл аралык уюмдар пайда болду десек жарашат.
КМШнын уставдык органдарынын негизги окуялары күзүндө Бишкекте өтмөкчү. 22-августта Электр-энергетикалык кеңештин жыйыны болуп, ушул айга биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Өнөр жай саясаты боюнча кеңешмеси пландалган: ага тармактык вице-премьерлер жана министрлер чогулат. Өлкөлөр ортосунда өнөр жай кооперациясы жөнүндө өтө олуттуу сөз болот. Өндүрүш, өнөр жай, заводдордун кызматташуу түйүнүн кайрадан түзгөнүбүз оң.
Октябрда Кыргызстан үчүн абдан чоң окуя болмокчу. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин баары келет. Садыр Жапаров маалыматтык коопсуздук, санариптештирүү, климаттык көйгөйлөр жана экология маселелерине басым жасады. "Жашыл" күн тартибинин алкагында биздин президент "Жашыл мурас" программасын демилгеледи. Бул теманын андан ары өрчүтүлүшүнө октябрда күбө болобуз деп ойлойм.
© Фото / пресс-служба Правительства РоссииЭлектр энергетикалык кеңештин Бишкектеги жыйыны
Заседание Электроэнергетического совета СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Электр энергетикалык кеңештин Бишкектеги жыйыны
— КМШда быйыл Орус тилинин жылы деп жарыяланган.
— Ооба, Кыргызстандын президенти орус тилин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу үйрөнүү маселесин демилгелеген. КМШнын бардык өлкөлөрүндө жазуучунун китептерин жактырышарын, ал чыгармаларынын көпчүлүгүн орус тилинде жазганын эске алсак, бул дагы маанилүү багыттардан деп эсептейм. Жазуучунун 95 жылдыгы Шериктеш мамлекеттердин баарында белгиленет.
— КМШга Кыргызстан төрагалык кылган жылы кабыл алынган макулдашуулардын кайсынысы эң маанилүү болушу ыктымал?
— Май айында өткөн Өкмөт башчылар кеңешинде кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Анын кабыл алынышы бир топ машакаттуу болду, себеби көп өлкөлөр өздөрүнүн тейлөө чөйрөсүнө чет өлкөлүк бизнести киргизүүнү туура көргөн эмес. Ал ратификацияланары менен КМШнын бардык өлкөлөрүнүн бизнеси оңой орун которуп, иштөөсү жеңил болот.
Кыргызстандык ишкерлер үчүн Шериктештиктин бардык мамлекеттерине жол ачылат. Алар өз кызматтарын көрсөтүп, келечектүү долбоорлорду инвестициялай алышат. Менимче, бул макулдашуу абдан маанилүү.
© Sputnik / Акбар АкжигитовАйгүл Рыскулова: Октябрда Кыргызстан үчүн абдан чоң окуя болмокчу. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин баары келет. Садыр Жапаров маалыматтык коопсуздук, санариптештирүү, климаттык көйгөйлөр жана экология маселелерине басым жасады.
Полномочный представитель КР в Комиссии по экономическим вопросам при Экономическом совете СНГ Айгуль Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Айгүл Рыскулова: Октябрда Кыргызстан үчүн абдан чоң окуя болмокчу. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин баары келет. Садыр Жапаров маалыматтык коопсуздук, санариптештирүү, климаттык көйгөйлөр жана экология маселелерине басым жасады.
— ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ өңдүү уюмдар КМШдан алда канча маанилүү деп калышат. Сиз кандай ойдосуз, ушундайбы?
— КМШнын зарылдыгы жок деген, албетте, натуура. Маселен, бул — биздин мейкиндикте жыл сайын президенттердин бейформал саммиттерин өткөрүп турган жападан жалгыз эл аралык уюм. Мындай жолугушуулар тез өзгөрүлмө дүйнөдө учурдун урунттуу көйгөйлөрүн тактап, көптөгөн маанилүү маселелерди талкуулоого жол ачат.
КМШ институттары гуманитардык, экономикалык чөйрөлөрдө иш алып барат, Шериктештиктин өзүнүн уставдык планы бар. Менимче, КМШ алкагында гана ушундай, атап айтканда, Коргоо министрлер кеңеши, Башкы прокурорлор кеңеши, Кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча бюро өңдүү ар кыл пландуу жана майнаптуу аянтчалар бар.
Албетте, алар дайым өз ишмердиги туурасында маалымдай албайт, бирок бул багытта жай, тынч, туруктуу иш жүрөт. Чек ара органдарынын кызматташтык кеңеши, Террорчулукка каршы борбор, башкача айтканда, өз ишмердигин жарнамалабаган, бирок КМШ алкагында бүтүндөй Шериктештик боюнча алгылыктуу иш алып барат. Муну абдан маанилүү деп эсептейм.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйгүл Рыскулова: Кыргызстандын экономикасы чыдамкайлыгын көрсөтүүдө. Тек гана эл аралык каржылык институттардын насыяларын карап отурбастан, ири көлөмдөгү жеке инвестицияларды да тартып жатабыз.
Заседание совета глав государств СНГ в режиме видеоконференции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Айгүл Рыскулова: Кыргызстандын экономикасы чыдамкайлыгын көрсөтүүдө. Тек гана эл аралык каржылык институттардын насыяларын карап отурбастан, ири көлөмдөгү жеке инвестицияларды да тартып жатабыз.
— Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөсүндө кандай аброй күтүүдө? Инвестициялар агылабы?
— Менимче, башаты дурус. Кыргызстандын экономикасы чыдамкайлыгын көрсөтүүдө. Тек гана эл аралык каржылык институттардын насыяларын карап отурбастан, ири көлөмдөгү жеке инвестицияларды да тартып жатабыз. Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Россия менен кызматташтык чындап ийгиликтүү жүрүүдө.
Транспорттук, маалыматтык, медициналык тейлөө өнүгүп, өлкөлөр тоо-кен жана энергетикалык тармакка салым кошууга ниеткер экендиги байкалууда. Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү бар, болгону аларды туура колдонуу шарт. Россиялык бизнестин кызыгуусу да күч. Ишкерлердин бир даары өз нугун Борбор Азия чөлкөмү, КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан тарапка бурду. Россиялык бизнес Кыргызстанда өзүнүн медициналык, маалыматтык, транспорттук кызмат көрсөтүп, ал эми өнүгүү жаатында бизде али баары алдыда.
— Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн ийгиликтерин кандай баалайт элеңиз?
— Кандай экономика болбосун, жаңы шарттарга ылайыкташуусу абзел. Кыргызстанда бул жагынан карлыгачтар — СССР ыдырагандан кийин бизнести түптөгөн соодагерлер менен тигүүчүлөр. Мындан улам бизде ири базарлар жана соода пайда болгон. Тигүүчүлүк өндүрүш бизде анчейин өнүккөн эмес эле, себеби биз сырьё гана жөнөтчүбүз. Негизинен Беларусь жана башка мамлекеттерге жеткирилчү. Бирок биздикилер тез эле эбин таап кетишти, анткени эбегейсиз Кытай жаныбызда. Ал жактан сырьё, фурнитура жана башкаларды табууга болот. Ушул тармактын өнүгүшүнө эмгек миграциясы да таасирин тийгизди. Бүгүнкү күндө бул Кыргызстандын экономикасынын эң мыкты тармактарынын бирине айланды. Анан да Россия өкмөтүнүн катарлаш импортту жандандыруу жөнүндөгү токтому Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАйгүл Рыскулова: СССР ыдырагандан кийин бизнести соодагерлер менен тигүүчүлөр түптөдү. Тигүүчүлүк өндүрүш бизде анчейин өнүккөн эмес эле, себеби биз сырьё гана жөнөтчүбүз. Бирок биздикилер тез эле эбин таап кетишти.
Запуск швейной фабрики в Тюпском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Айгүл Рыскулова: СССР ыдырагандан кийин бизнести соодагерлер менен тигүүчүлөр түптөдү. Тигүүчүлүк өндүрүш бизде анчейин өнүккөн эмес эле, себеби биз сырьё гана жөнөтчүбүз. Бирок биздикилер тез эле эбин таап кетишти.
— Сиздин пикириңизде орус тилинин КМШ мейкиндигинде ролу кандай?
— Дүйнөдө миңдеген тил бар, бирок алардын бир нечеси гана эл аралык баарлашуу жана Бириккен Улуттар Уюмунун тили макамына ээ. Орус тили ошолордун бири. Советтер Союзунун курамында биз орус тилин 73 жыл колдондук. Жалпы сүйлөп, сүйлөшкөн бирден бир тил болчу. Ушул тил аркылуу аалам тааныганбыз, ошол дүйнө азыр да биз менен. Бүгүн бүтүндөй адабият, көркөм же орус классика гана эмес, экономиканын бардык тармактарынын, илим адабияттары да, окуу куралдары орус тилинде чыгарылат. Дал орус тили аркылуу биз дүйнөгө аралашканбыз, муну эстен чыгарбоо керек.
Былтыр Мамлекет башчыларынын кеңешинде Кыргызстандын президенти КМШ өлкөлөрүндө орус тилин өнүктүрүү боюнча агенттик ачуу маселесин көтөргөн. Ошондой агенттик ачылып калгысы бардыр. Орус тили баарлашуу жана КМШнын бардык өлкөлөрү үчүн дүйнөгө баш багуунун тили бойдон калары шексиз. Албетте, кыргыз тили мамлекеттик тил, кыргызча сүйлөп, аны мезгилдин талабына ылайык өнүктүрүүбүз да шарт.
Бир топ жылдан бери мигранттар менен иштешип келем, биринен да орус тилинин кереги жоктугун айтканын укпадым. Ушул тил аркылуу алар жумушка орношуп, маданиятына аралаша алат. Ошондуктан орус тилине кандайдыр бөгөт коюуга болбойт, себеби ал келечекке карай жол.
© Sputnik / Акбар Акжигитовайгүл Рыскулова: Бир топ жылдан бери мигранттар менен иштешип келем, биринен да орус тилинин кереги жоктугун айтканын укпадым.
Полномочный представитель КР в Комиссии по экономическим вопросам при Экономическом совете СНГ Айгуль Рыскулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
айгүл Рыскулова: Бир топ жылдан бери мигранттар менен иштешип келем, биринен да орус тилинин кереги жоктугун айтканын укпадым.
— КМШ түзүмүндө кайсынысы маанилүү: экономикабы, гуманитардык же маданий байланыштарбы?
— СССС ыдыраган соң өлкөлөр өз жолу менен кетти, бирок ортодогу сый жана достук уланып келет. Түзүмдүн ичинде ар кандай жолугушуу, форумдар өткөндө биз азербайжандыктар, тажик, өзбек, беларустар жана башка КМШ өлкөлөрүндөгү калктардын өкүлдөрү менен бир туугандай көрүшүп, учурашабыз. Биз бирге окуп, чогуу өстүк, бул достукту конструктивдүү түрдө өрчүткөнүбүз жакшы.
Экономиканын тили катаал, ал жакта акча, киреше бар, бизнес-процесстер жүрөт. Бирок бизди байланыштырып турган маданиятыбыз бар, аң-сезимибиз бир. Анан да биз коңшубуз, ал эми кошуналар менен үймө-үй, адамдар, сөз, маданият, тил аркылуу достошуу абзел. Качан аалам түшүнүксүз, татаал боло баштаганда достошуудагы ийгиликтерге жетишүү аябай кыйындайт. Ал эми туура жолдон четтеп кетиш бир паста эле, биз андайга жол бербөөгө тийишпиз. Кандай болсо да бизде эстүүлүк күчтүүлүк кылып, КМШ элдери сый менен достукта жашайт деген ойдомун.
Электр линияларынын артында күндүн чыгышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Кыргызстан ЕАЭБдин энергетика рыногунда негизги өлкө боло алат. Маек
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Цахкадзордогу жыйында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Борбор Азия ЕАЭБ кеңейчү мейкиндикпи? Биримдиктин келечеги тууралуу ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0