Айгүл Жапарова колдоп коюлган "Ромео жана Жульетта" спектакли тартууланат

Режиссёру — КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар театры Уильям Шекспирдин "Ромео жана Жульетта" спектаклин коёт. Бул туурасында Кыргыз драма театры билдирди.
Мындай иш-чара өлкөнүн эң таланттуу жаш актёрлорунун башын бириктирген музыкалуу-хореографиялык ири долбоор экени белгиленди. Маалыматта спектаклди коюуга биринчи айым Айгүл Жапарова колдоо көрсөткөнү айтылат.
Спектакль 12-13-14-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чоң залында көрөрмандарга тартууланат. Күн сайын кечки саат 18:30да башталат.
Режиссёру — КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Меңдебаиров.
Бул биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен өтүп жатканы айтылат.
Ошто кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт