Дарылабаса ракка айланат. Медиктер гепатитке акысыз текшерүүдөн өтүүгө чакырды

Эгер вирус аныкталса 23 жаштан жогорку курактагы жарандар акысыз дарыланат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 18 жаштан жогорку курактагы адамдардын баары В жана С гепатитине акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Аны үчүн жашаган жери боюнча жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна же үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрыла алышат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Текшерүүдөн өткөн соң гепатит аныкталса 23 жаштан жогорку курактагы жарандарга акысыз эмдөө жасалат. Ал эми акысыз дарылоо, ошондой эле дартты аныктоо жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда же үй-бүлөлүк медицина борборунда жүргүзүлөт.
Ден соолукту чыңдоо борбору вирустук гепатиттер цирроз жана боор рагы сыяктуу ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
Вирус тууралуу маалымат:
В жана С гепатитин дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу үчүн үй-бүлөлүк медицина борборунун, жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгеринен жолдомо алышы керек;
кан тапшырардын алдында тамак ичпей ач карын барыңыз;
көп учурда өнөкөт вирустук С гепатитинен толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы 3 же 6 айга созулат. Айыгуунун негизги шарты – дарылоонун шарттарын бекем сактап, дарыгердин айткандарын так аткарыш керек;
өнөкөт В вирустук гепатитин дарылоо узагыраак болот, бир нече айдан жылдап созулушу ыктымал, балким өмүр бою дарыланууга туура келет. Кандай болгон күндө да В гепатити менен ооруган бейтап вируска каршы дарыланганда анын жашоо образы оңолот. Дарылар боордун циррозунан жана рак оорусунан сактоого жардам берет.
Суроолор болсо жашаган жериңиз боюнча медициналык мекемелерге кайрылсаңыз болот.
Радио
Алиева: гепатитке каршы эмдөөнү ар 15 жылда кайталап турса болот