БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада аба ырайы кандай болорун айтты.
Чүй облусу
16-22-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Талас облусу
Талас облусунда дагы аптанын соңуна чейин тоолуу райондордо гана өткүн өткөнү болбосо, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Өлкөнүн түштүгүндө бир жума бою күн ачык болот.
Ысык-Көл облусу
16-19-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Ал эми 20-22-июль күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
Нарын облусу
16-17-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 18-июлда күн ачылат. Бирок кайра эле 19-июлдан тарта аптанын соңуна чейин айрым жерлерде өткүн өтүп турмакчы.