Футболчу медиктер 400 000 сомдук байгесин майыптыгы бар балдарга берет

Ак халатчандарга футбол турниринин Чемпиондук өтмө кубогу жана 400 000 сомдук сертификат тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин "Ден соолук" командасы футболдук беттеште утуп алган 400 000 сомдук сертификатын майыптыгы бар балдарды реабилитациялаган борборго берет. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.
"Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана "Мурас" футбол турнирдин катышуучулары жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата байгени майыптыгы бар балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечти", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, 27-28-майда Бишкек шаарында футбол боюнча "Мурас" достук турнири өтүп, анда бир нече командалар күч сынашты. Жыйынтыгында биринчи орунду "Ден соолук" командасы жеңип алып, аларга Чемпиондук өтмө кубогу жана 400 000 сомдук сертификат тапшырылган.
Садыр Жапаров футзал боюнча турнирде мыкты чабуулчу аталды