БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуттук энергетикалык холдинг келерки кышта Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп кепилдик бере албайт.
© Sputnik / Акбар Акжигитов
"Аракет жасайбыз. Эгер коңшу мамлекеттер менен болгон келишим үзгүлтүккө учурабаса биздин тармактар керектөөнү толук көлөмдө камсыздай алат. Кээ бир гана түйүндөрдө чектөө болушу мүмкүн. Жалпы жонунан алып караганда массалык түрдө маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт", — деди холдингдин башчысы Талайбек Байгазиев.
Жакынкы эки жылда эл электр энергиясын жыш колдонгон учурга (18:00дөн 21:00гө чейин) киргизилген чектөө дагы алынышы ыктымал. Байгазиевдин айтымына караганда, учурда энергетиктер электр энергиясын баарына жеткирүү үчүн маал-маалы менен чектөөгө аргасыз болуп жатат.
"Кубаттуулук жакшырса чектөө алынат деп ойлойм. Жакынкы эки жылда дефицитти жабуу болжолдонууда", — деди ал.
Ал быйыл суу тартыш эмес экенин айтты. Энергетиктер "Токтогул" суу сактагычына суунун кириши жакшы болот деп күтүп жатат.
Өткөн кышта Кыргызстанда жарык кезектеп өчүрүлгөн. Энергетиктер графигин дагы түзүп берген.