https://sputnik.kg/20230511/kyrgyzstan-kysh-zharyk-ochoby-1075226129.html
Кыргызстанда келерки кышта жарык өчөбү? Холдингдин түшүндүрмөсү
Кыргызстанда келерки кышта жарык өчөбү? Холдингдин түшүндүрмөсү
Sputnik Кыргызстан
Энергетиктер быйыл "Токтогул" суу сактагычында суу жетиштүү болот деген ойдо. 11.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-11T12:25+0600
2023-05-11T12:25+0600
2023-05-11T12:26+0600
кыргызстан
кыш
мезгил
электр энергиясы
жарык өчүрүү
суу
чектөө
https://sputnik.kg/img/104566/87/1045668773_0:90:1920:1170_1920x0_80_0_0_9136f5d998b8648c39c259a1d0903814.jpg
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуттук энергетикалык холдинг келерки кышта Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп кепилдик бере албайт.Жакынкы эки жылда эл электр энергиясын жыш колдонгон учурга (18:00дөн 21:00гө чейин) киргизилген чектөө дагы алынышы ыктымал. Байгазиевдин айтымына караганда, учурда энергетиктер электр энергиясын баарына жеткирүү үчүн маал-маалы менен чектөөгө аргасыз болуп жатат."Кубаттуулук жакшырса чектөө алынат деп ойлойм. Жакынкы эки жылда дефицитти жабуу болжолдонууда", — деди ал.Ал быйыл суу тартыш эмес экенин айтты. Энергетиктер "Токтогул" суу сактагычына суунун кириши жакшы болот деп күтүп жатат.Өткөн кышта Кыргызстанда жарык кезектеп өчүрүлгөн. Энергетиктер графигин дагы түзүп берген.
https://sputnik.kg/20230406/kambar-ata-ges-kurulush-kazakstan-tushundurmo-1074202510.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104566/87/1045668773_120:0:1800:1260_1920x0_80_0_0_35233ed917663610b295897b31ead64c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыш, мезгил, электр энергиясы, жарык өчүрүү, суу, чектөө
кыргызстан, кыш, мезгил, электр энергиясы, жарык өчүрүү, суу, чектөө
Кыргызстанда келерки кышта жарык өчөбү? Холдингдин түшүндүрмөсү
12:25 11.05.2023 (Жаңыртылды: 12:26 11.05.2023) Энергетиктер быйыл "Токтогул" суу сактагычында суу жетиштүү болот деген ойдо.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуттук энергетикалык холдинг келерки кышта Кыргызстанда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп кепилдик бере албайт.
"Аракет жасайбыз. Эгер коңшу мамлекеттер менен болгон келишим үзгүлтүккө учурабаса биздин тармактар керектөөнү толук көлөмдө камсыздай алат. Кээ бир гана түйүндөрдө чектөө болушу мүмкүн. Жалпы жонунан алып караганда массалык түрдө маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт", — деди холдингдин башчысы Талайбек Байгазиев.
Жакынкы эки жылда эл электр энергиясын жыш колдонгон учурга (18:00дөн 21:00гө чейин) киргизилген чектөө дагы алынышы ыктымал. Байгазиевдин айтымына караганда, учурда энергетиктер электр энергиясын баарына жеткирүү үчүн маал-маалы менен чектөөгө аргасыз болуп жатат.
"Кубаттуулук жакшырса чектөө алынат деп ойлойм. Жакынкы эки жылда дефицитти жабуу болжолдонууда", — деди ал.
Ал быйыл суу тартыш эмес экенин айтты. Энергетиктер "Токтогул" суу сактагычына суунун кириши жакшы болот деп күтүп жатат.
Өткөн кышта Кыргызстанда жарык кезектеп өчүрүлгөн. Энергетиктер графигин дагы түзүп берген.