Статком: Кыргызстанда жашоо минимуму дагы өстү

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда жашоо минимумунун баасы 7 501 сомду (85 доллар) түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул көрсөткүч үч ай ичинде 323 сомго өскөн. Январь айында республикада жашоо минимуму 7 178 сом экени айтылган болчу.
Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчтөрү Жалал-Абад менен Нарын облустарында жана Бишкек шаарында катталган. Бийликтин айтымында, 7 501 сом бир айлык азык-түлүк жана товарларга, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө жана салыктарды төлөөгө жетет.
Калктын ар бир социалдык-демографиялык тобу үчүн иштелип чыккан жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, анын 65 пайызын азык-түлүк товарлары, 16 пайызын азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызын кызмат көрсөтүүлөр жана 2 пайызын салыктар түзөт. Кеп адамдын чыгымдарын толук жаппаган минималдуу чыгымдар тууралуу болуп жатат.
Пенсияны көбөйтө албасак өлөлүбү? Жапаров Мадумаров менен кайым айтышты