БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Веложүрүштүн ачылышына байланыштуу эртең Бишкектеги айрым көчөлөр жабык болот. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Ага ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн баштап "Ала-Тоо" аянтынан тартып Чүй проспекти Панфиловдон баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркына чейин жабык болот.
Катышуучулар жүрүштү саат 09:00дө "Ала-Тоо" аянтынан баштап, саат 10:30да Дайыр Асанов атындагы парктан токтойт.
Мэрия жашоочулардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жабык жолдорду эске алуу менен сапарды алдын ала пландоого чакырган.