БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жол кырсыгына кабылган учурда алгачкы жардам чакыруу тууралуу маалымат берди.
Мындай кырдаалда сөзсүз авариялык сигналды күйгүзүү керек, башка айдоочуларга эскертүү үчүн жолго үч бурчтук белгини коюу шарт. Андан кийин 103 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген Тез жардам кызматын чакыруу сунушталат.
Эгерде жаш бала жаракат алса Бишкектин Байтик баатыр көчөсү, 8а дарегиндеги Шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып баруу зарыл.
Тийиштүү кызматтардын номерлери:
Бирдиктүү ооруканалар: +996 (312) 544655; +996 (312) 544650;
Куткаруу кызматы 112. Диспетчер керек болсо Өрт өчүрүү, Тез жардам кызматы, милиция менен байланыштырат;
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кырсык болгон жерге күнү-түнү баруучу кызмат. Диспетчер телефону +996 (312) 547520;
Оперативдүү нөөмөтчүнүн номерлери: +996 (312) 32-36-44; +996 (3222) 2-18-44; +996 (770) 80-01-00; +996 (553) 11-21-07; WhatsApp +996 (770) 800-100.
Мындан сырткары, мекеме статистикалык маалыматтар менен да бөлүшкөн. Ага ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 7437 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 868 адам көз жумган, 114ү балдар. Ал эми быйыл сегиз айда 4 284 кырсык катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9 пайызга кыскарган. Каза болгондор 31,3 пайызга (552ден 379га) азайган.