БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин адаптациялык мүмкүнчүлүгү жогору. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев билдирди.
Анын сүйлөгөн сөзү Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБ лидерлеринин саммитинин түз эфиринде көрсөтүлдү.
Глазьев үстүбүздөгү жылдын май айындагы жыйында кийинки жылы экономиканын өсүшүн 4,5-5,5 пайызга жеткирүү тапшырмасы коюлганын эске салды. Аны менен катар Кыргызстан ички дүң продукциянын өсүшүн жети пайызга чыгарганына кубанып турганын белгиледи.
"Бул бизге жакшы үлгү болуп, бардык кыйынчылыктарга карабай бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин адаптациялык потенциалы жогору экенин көрсөтөт. Эгер үчүнчү өлкөлөр тараптан бирибизге санкцияларды киргизсе, бизде ар дайым соода алмашуунун өсүүсүн жана кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүнү компенсация кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул импорттун ордун басууга, илимий-техникалык кызматташтыкты өрчүтүүгө стимул берет", — деди Глазьев.