Дал ушул докладдан кийин абалга баам салган Сергей Савчуктун макаласын РИА Новости сайты жарыялаган. Киев дароо эле бул билдирүүнү төгүндөп, маалымат ыргагын ыкчамдатып, макалаларды жайната салды. Өзөктүк сокку урууга камылга көрүп жатат деп кайра Россияны айыптоого өттү.
"Ыплас бомба" деген терминдин өзү уранды куралга айлантууга чейин байытуу иштери башталганга чейин пайда болгон. Андай ойду "Манхэттен" тарыхый долбоорунун алкагында сынамык реакторду учуруудан үч жыл мурда америкалык фантаст жазуучу Роберт Хайнлайн түптөгөн. Ошол эле учурда ичи радиоактивдүү "ыплас бомба" өз ишинин механикасы боюнча аскердик атомдук ок-дарылардан таптакыр айырмаланат.
Жардыргыч заттын демилгелөөчү зарядында атомдук өзөгү ажырап, аба массасынын кыйратуучу механикалык соккусун пайда кылат. Өтө күчтүү электромагниттик козголууну жаратып, бул электрониканы иштен чыгарып коё алат. Андан соң ошол аймакты жарым ажыроо мезгилиндеги радиоактивдүү элементтер менен жабыркатат. Өзөктүк ок-дары жарылганда топуракка, сууга жана адамдын организмине сиңип кетүүчү стронций-89, стронций-90, цезий-137, цинк-64 жана тантал-181 изотоптору түзүлөт. Булар ири өлчөмдө нурлануу дартына кабылтып, ал эми бир аз чабалыраак өлчөмдө кан жана жилик чучугунун оор ооруларына себеп болушат.
Анчейин белгисиз өзгөчөлүгү жогоруда аталган изотоптордун негизги бөлүгү жарым ажыроо мезгили кыйла кыска жүрүп, сокку урулган аймакка беш-он жылдан кийин кайрадан калкты жайгаштыра берүүгө болорунда. Буга ошол эле Хиросима менен Нагасакини мисал келтирсек болот: америкалык соккудан туура төрт жыл өткөндө тургундар кайтып, шаарларды кайра калыбына келтире башташкан.
Өзөктүк куралга ээлик кылган өлкөлөр өздөрүнүн атомдук сырларын кылдаттык менен кайтарып, тизмени кеңейтүүгө жасалган аракеттердин баарын болушунча басып келишет. Ошентсе да бул аракет маселен Корея элдик демократиялык республикасына өзөктүк программасын иштеп чыгып, ишке ашырууга жолтоо боло албады.
Өз кезегинде "ыплас" атомдук бомба чабал же өнүгүүдөн четтеп бараткан өлкөлөр үчүн өтө кызык көрүнөт. Радиациялык материалдардын белгилүү бир кору жана азыраак эле сандагы жеткирүүчү каражат, маселен, кемеге каршы ракеталардын аналогу дейли, мындай ниетти ишке ашырууга жетиштүү болот.
Мындай ыкма радиоактивдүү элементтердин чексиз номенклатурасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Анын ичинде жарым ажыроо мезгили жүздөгөн, ал түгүл миңдеген жылдарга созулчу каражаттар да болушу мүмкүн. Башкача айтканда ок-дары контейнери менен жардырылган территория шарттуу уранга толуп, бир топ кийинки муунду жабыркатып коеру бышык. Топурак да, өсүмдүк, суу катмары да узак жылдарга жабыркайт.
Ошол себептен мындай бомбаны колдонууга душманын караманча жек көргөн, же бардык курмандыкка, анын ичинде өз территориясынын да, жарандарынын саламаттыгына да кайыл киши гана барышы ыктымал. Украинаны карасак, бул эки шарт тең дал келип тургандай. Өзөктүк курал Украинанын оюна да келбегенин айтып, камераларга мүңкүрөп тургандай тартылып берген Владимир Зеленский каратып туруп калп айтууда. Анткени, 2022-жылдын 19-февралында, тагыраак РФтин атайын аскердик операциясы баштала электе Европада Мюнхень конференциясында ал киши Киев өзүнүн өзөктүк сокку уруу дараметин калыптандырууга акысы бар деген тейде билдиргени белгилүү.
Андан бери украиналык президент Батыштагы демөөрчүлөрүнөн Россияга өзөктүк сокку урууну талап кылып келди. Ал эми Россия биринчи болуп мындай сокку урууга даяр экенин расмий түрдө эч качан жана эч бир жерде айткан эмес. Иш жүзүндө резидент Зеленский континенттер аралык баллистикалык ракеталар менен атышуудан соң планетада эч бир тирүү жан калбай турганын түшүнгүсү да келбей, өзөктүк согушту тутантууну өктөм талап кылууда. Россия, анын жарандарына жек көрүүсү кандай экенин мындан баамдаңыз, алардан өч алуу үчүн бүтүндөй адамзатты кыргынга учуратуудан артка тартчудай эмес.
Атайын аскердик операциянын жүрүшүндөгү ракеталык-бомбалык соккулардын картасын үстүртөн талдоо деле Москва ушул тапта Украинада мындай заряддын өндүрүшүнө катыша ала турган эч бир кооптуу ишкананы жардырбаганы байкалат. Тилекке каршы, Киев өзү андай аракетте эмес. Запорожье Атомдук электр станциясына эле Киев 29 сокку урду. Бул үчүн Украина тарап мүмкүн болгон артиллериялык системалардын баарын пайдаланды. Он жолу станция учкуч техникалар аркылуу аткылоого кабылды. АЭСтин аймагында төрт жолу украиналык деңиз десанты түшүрүлүп, Росгвардиянын күчү менен мизи кайтарылды. Эске салсак, Европанын эң күчтүү атомдук электр станциясын коргоо жана кайтаруу анын милдеттерине кирет.
Генерал-лейтенант Кириллов долбоордун аткаруучуларын так атайт. Алардын арасында Днепропетровск облусундагы Желтые Воды шаарындагы Чыгыш тоо-кен байытуучу комбинат да бар. Союз убагынан бери анда украиналык энергетикага уран казуу жана байытуу иштери жүргүзүлөт.
Ошол эле тизмеде Днепродзержинскидеги Приднепров химия заводу да катталган, ишканада дээрлик жети жылдай уран туздары, уран-темир камтылган кендерди эритүүдө алынган шлактардан турган технологиялык аралашмалар чыгарылат. Тастыкталган маалыматтар боюнча жергиликтүү калдык сактагычтарда 40 миллион тоннанын тегерегинде катуу радиоактивдүү калдыктар коюлган.
Киевдин бөлөк да резервдери бар. Мисалы, Илимдер академиясынын алдындагы Киев өзөктүк изилдөөлөр институтунда ВВР-М реактору кадимкидей эле турат. Ал эми Харьковдо совет мезгилинен бери "Ураган" термо өзөктүк түзүлүшү өңдүү долбоорлорго катышып жүргөн физикалык-техникалык институту да тизмеде. Эки ишкана тең ошол жылдардан бери радиоактивдүү материал жана изотоптордун мүнөзүн изилдеп келишет. Батыштын үгүт машинасы РФтин Коргоо министрлигинин докладындагы маалыматтардын баарын төгүндөп, россиялык тарапты алдын ала эле каралоого тырышууда. Бирок Киевге ыктаган эч бир журналист мындай апааттын Россияга эмне кереги бар экенине жүйөлүү эч бир мисал келтире алган жок.
Луганск, Запорожье жана Херсон облусу дээрлик толугу менен бошотулду. Донецкинин жарымынан көбү тазаланды. Россиялык аскердик топтор жаңы чек араларды бекемдеп турушат.
Херсондун талаалары жана Николаевдин чет жакасында жагдай андан да начар. Украинанын ресурстары да Украина Куралдуу күчтөрүнүн чоң жоготууларын моюнга алууда. Ал эми алдыда кыш. "Нафтогаздын" жетекчиси быйыл кыш Украинанын тарыхындагы эң оор болорун айтууда. Анткени өлкөдө жылуулук, энергетика таңсыктыгы күч. Ошондуктан Киев жаңжалга НАТОну тартууга шашылууда. Бирок геосаясий дүрбөлөң күчөп турганда Брюссель Вашингтон менен жаңы Россиядан радиоактивдүү ээн жерлер менен обочолонууга даабайт. Абал мындай ыплас ыкмаларды колдонууга чейин жетпесе керек...