Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америка өлкөлөрү уюмунун 9 мүчөсү антироссиялык резолюцияны колдобой койду

Бирикме атайын операциядан улам Россияны туруктуу байкоочу макамынан ажыраткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Америка өлкөлөрү уюмуна (АӨУ) мүчө-мамлекеттердин үчтөн бири Россиянын Украинадагы аракетин сындаган резолюцияны колдоодон баш тартты. Алардын арасында Аргентина, Боливия, Бразилия жана Мексика бар экенин РИА Новости кабарлады.
АӨУ Украинадагы атайын операциядан улам апрелде Россияны туруктуу байкоочу макамынан ажыратып салган.
Уюмдун блогунда белгиленгендей, "Украинада россиялык агрессияны токтотууга чакыруу тууралуу" резолюцияга Антигуа жана Барбуда, Багам, Барбадос, Белиз, Канада, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Эквадор, АКШ, Гренада, Гватемала, Гайана, Гаити, Ямайка, Панама, Парагвай, Перу, Доминикана, Суринам, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Тринидад жана Тобаго менен Уругвай кошулган.
Россия өкмөтүн Украина аймагында согуштук аракеттерди токтотуп, куралдуу күчтөр менен техниканы чыгарууга үндөп, адам укугунун бузулушун сындаган билдирүүнү Аргентина, Боливия, Бразилия, Гондурас, Доминикана, Мексика, Никарагуа, Сальвадор, ошондой эле Сент-Винсент жана Гренадин колдогон эмес.
Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан кордолуп, геноцидге кабылган элди коргоо" экенин белгилеген. Анын айтымында, "Украинада демилитаризация жана денацификациялоо жүргүзүп", Донбасстын "тынч тургундарына каршы кандуу кылмыш" жасаган адамдарды сот жоопкерчилигине тартуу пландалууда.
Меркель: Европада тынчтык Россиянын катышуусу менен гана орнойт