Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш чектен чыгып бара жатат... Путиндин кайрылуусу

Путин Донбасс боюнча жасаган кайрылуусунда НАТО өлкөлөрүнүн бир катар жоопкерчиликсиз жетекчилери жасаган билдирүүгө да токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Батыш эми өзөктүк курал менен коркутууга баш коюп, Россияга каршы массалык кыргын салуучу каражаттарды колдонуу тууралуу кеп кылууда. Бул тууралуу Путин Донбасс боюнча кайрылуусунда айтты.
"Эми өзөктүк куралды айта баштады. Кеп атомдук кырсыктын алааматын жарата турган Запорожье АЭСин аткылоону Батыштын колдоп жатканында эмес, кеп НАТОнун алдыңкы өлкөлөрүнүн жогорку кызматтагы өкүлдөрү айткан сөздөр туурасында жүрүп жатат. Алар Россияга карата массалык кыргын салуучу куралды колдонууну оозана баштады", — деген Путин кайрылуусунда.
Россия лидери, мындан сырткары, Батыш антироссиялык саясатында чектен ашып кеткендигин белгилеген.
"Батыш өзү жүргүзүп келе жаткан антироссиялык саясатында чектен ашып кетти. Биздин өлкөнүн жана элибиздин дарегине айтылган коркутууларды дайыма угуп келебиз", — деп белгилеген ал.
Ал Батыштын бир катар жоопкерчиликсиз саясатчылары алыска атылуучу, кол салган куралдарды Украинага берүү туурасында гана кеп кылбастан, Крым жана Россиянын башка аймагына сокку уруу боюнча айтып жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сергей Шойгу Россиядагы жарым-жартылай мобилизацияга кимдер чакырыларын айтты