Кыргызстанда эксперттер катышкан эл аралык ири форум өтөт

Иш-чара эки этапта уюштурулуп, бири Бишкекте, экинчиси Ысык-Көлдө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кийинки аптада, 26-30-сентябрда Кыргызстанда алгачкы жолу "Евразиялык интеграциянын чыгыш вектору" аттуу ири эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу "Россия и соотечественники" аттуу маалымат-аналитикалык порталы кабарлады.
Иш-чара эки этапта уюштурулат. Биринчиси 26-27-сентябрда Кыргыз улуттук университетинде болуп, анда пленардык жыйын жана форумдун жаштар үчүн бөлүгү болот. Экинчиси 28-30-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

"Бишкекте боло турчу форумда долбоордун жаш катышуучулары Евразия интеграциясы боюнча актуалдуу маселелерди ЕАЭБдеги белгилүү саясат таануучу, тарыхчы, экономист, алдыңкы адистер менен талкуулай алышат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Горчаков атындагы фонддун колдоосу менен Россия институту, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "Гармония" орус маданий борбору уюштурары айтылды.
Радио
Кененбаева: Бишкекте өткөн Кыргыз-Россия IT форуму алаканы жакшыртат