Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Иманкулов: курчоодо калган заставадан 14 аскер аман чыкты, өлгөндөр дагы бар

Коопсуздук кеңешинин катчысы тажик аскерлери масштабдуу түрдө аткылоого алып, Кыргызстандын аймагына кирип келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Баткендеги курчоодо калган заставадан 14 жоокер аман-эсен чыкты. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
"Тажик аскерлери масштабдуу түрдө аткылоого алып, Кыргызстандын аймагына кирип келишти. Биздин кээ бир заставалар талкаланган, тонолгон, өрттөлгөн. Курчоодо бир нечеси калган. Бүгүн жакшы кабар алдык. Курчоодон калган бир заставадан 14 жоокер аман-эсен чыкты, тилекке каршы, алардан сырткары, алты жоокердин сөөгү табылды", — деди Иманкулов.
Буга чейин ал Тажикстандын чек арадан алыс жайгашкан айылдарынан алты кыргыз жоокеринин сөөгү табылганын айткан. Иманкулов аскерлер туткунга алынып, андан кийин өлтүрүлүшү мүмкүн деп эсептейт.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Аскер кызматкерлеринин акчасы жогорулайт