БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында саат 9:00гө берилген маалымат боюнча, чек арада абал чыңалган бойдон калып, бирок турукташуу тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Түн тынч өттү, окуялар катталган жок. Анткен менен тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык айылына миномёттон ок чыгарды. Саат 8:55те аткылоо токтотулду.
УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна караштуу аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.