Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье бийлиги энергетикалык таңсыктык жаралса Россияга кайрылышы мүмкүн

Жекшемби күнү АЭСтин иштеп жаткан акыркы блогу токтотулган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Запорожье администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов энергетика боюнча таңсыктык жаралса Россияга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын РИА Новости жазды.
Жекшеби күнү АЭСтин иштеп жаткан акыркы, алтынчы блогунун иши токтогон болчу. Бирок аймакты электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган эмес.

"Азырынча эч маселе жок. Бардыгы өз нугунда иштеп жатат. Бирок көйгөй жаралса Россияга кайрылышыбыз мүмкүн. Азыр бошотулган аймактарга Россия гана жардамга кол сунууда, башка эч жактан колдоо күтө албайбыз", — деди Рогов.

Ал Украина тарап газ жеткирүүгө бөгөт койгондон кийин жардамга Россия келгенин белгилеп, ушу тапта газ түтүгү курулуп жатканын, жакында аймак толугу менен россиялык газды колдоно баштаарын айткан.
Мындан тышкары, Рогов Киев бийлигинин Запорожье АЭСинен чыгып кетүү талабы акылга сыйбай турганын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон бийлиги Украина глобалдык жеңилүүнү баштан кечирип жатканын айтты