БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, бул жамада Сары-Өзөндө жаан-чачын болбойт, тагыраак айтканда, 16-сентябрга чейин күн ачык турат.
Ал эми 17-18-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бирок дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-сентябрда күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Борбор калаа Бишкекте дагы жуманы соңуна чейин күн ачык болуп турат. Күндүн табы 25-32 градустун тегерегинде болмокчу.