БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. УКМК Тажикстандан Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат ташыган топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, атайын операциянын жүрүшүндө УКМК Тажикстандан Кыргызстанга жалпы салмагы 17 килограмм 192 грамм болгон чарс деп аталган баңгизат жүгүн алып келе жаткандарды аныктаган.
"Колго түшүрүлгөндөр Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Алардын бири коррупцияга каршы элдик курултайдын "Элдик палатасы" коомдук бирикмесинин мүчөсү болуп чыкты. Алар Кылмыш-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган баңги топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.