"Россия сегодня" мультимедиалык жаңылык терминалын ишке киргизди

РИА Новости россиялык маалымат агенттиктеринин ичинен биринчи болуп бир платформада күнүнө миңдеген жаңылыктарды жана жүздөгөн фото, видеолорду чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 6 сен — Sputnik. Россиянын вице-премьери Дмитрий Чернышенко менен "Россия сегодня" медиатобунун генералдык директору Дмитрий Киселев Чыгыш экономикалык форумунун алкагында РИА Новости агенттигинин жаңы мультимедиалык терминалын ишке киргизди.
Чернышенко бул тууралуу маалыматты жаңы терминалга өз алдынча жарыялады.
РИА Новости россиялык маалымат агенттиктеринин ичинен биринчи болуп бир платформада күнүнө миңдеген жаңылыктарды жана жүздөгөн фото, видеолорду чыгарды. Окурман эми дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардан оперативдүү кадрларды текст менен бирге ала алат. Ошондой эле жаңылыктарды жана архивдик сүрөттөрдү көрсө болот.
Колдонуучулар биринчи жолу айрым жабык мазмундагы контентке кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Порталга социалдык тармактар же өзүнүн почтасы аркылуу кирүү менен азыр ар бир адам эксклюзивдүү, бул сааттагы эң маанилүү жаңылыктарды окуй алат. Ошондой эле аны социалдык тармактар аркылуу катталган колдонуучулар менен бөлүшүүгө шарт түзүлгөн.
Эң кызыгы белгилүү бир колдонуучу үчүн контентти ыңгайлаштырып берүүнүн көптөгөн варианттары түзүлдү.
Учурда жаңылыктар терминалынын мурунку версиясы толук иштеп жатат. Абоненттер жана агенттиктин өнөктөштөрү жаңы версияга кийинчерээк өтө алат.
Sputnik менен РИА Новостиге жасалган DDoS-чабуулдардын мизи кайтарылды