Бир грамм да уурдалбайт! Жапаров Кумтөр алтынынын айланасында түшүндүрмө берди

Президент социалдык тармакта, коомчулукта "Кумтөрдүн алтыны сыртка чыгарылып кеткен" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, анда Кумтөр кенинин айланасындагы маселелер боюнча суроолорго жооп берген.
Журналист ага коомчулукта "19 тонна алтын жок, 21 тонна алтын кайда кетти? Кумтөрдүн алтыны кайда? Жаратылышка келтирилген зыян үчүн салынган айыптан эмнеге баш тарттык?" деген суроолор пайда болуп жатканын айтып, кенге байланыштуу кененирээк маалымат берүүнү өтүнгөн.
"Өлкөдөгү Кумтөр баштаган бардык алтын казылган кендерден алтынды "Кыргыз алтын" аркылуу Улуттук банк сатып алат. Ал алтынды чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржага сатып келип, кимден канча алтын алган болсо акчасын кайтарып, эсептешип турат. Ошентип айлануу процесси жүрөт. Кен казган мекемелердин алтынын сатып, акчасын берип турбаса кендер кантип алтын казмак эле? Аларга асмандан акча түшөбү? Ошентип айланып олтуруп, жылдын аягында Кумтөрдөн түшкөн таза киреше казынага түшөт. Ар бир доллары көзөмөлдө болот. Улуттук банк, "Кыргыз алтын", "Кумтөр" үчөө ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт башы менен жооп беришет. Бул жагынан элибиз эч кам санабай эле койсо болот. Түшкөн пайдасынан эмгек акылар, жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат", — деген ал.
Жапаров социалдык тармакта "19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур" деген кеп-сөз боюнча да үн катты. Алтынды сыртка алып чыгуу боюнча маалыматтар мындан ары да коомчулукка ачык айтылбастыгын билдирип, ага түшүндүрмө берди.
"19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур" деп ач айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин. Мындан ары билип жүрүшсүн. Өздөрүнө жакшы болот. Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда баары жашыруун болот. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы учак менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү жерге жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча каттам менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат. Эч ким мамлекетти алдай албайт", — деген ал.
Садыр Жапаров Кумтөрдөн бир килограмм алтын эмес, бир грамм алтынды эч ким уурдай албайт деп ишенимдүү түрдө айткан. Ал соңку учурдагы эки мыйзамсыз жеп-ичүү фактысы боюнча текшерүү жыйынтыгы бир айдан кийин чыгарын билдирген.
"Ар бир пунктуда беш-ондон киши актыга кол коюшат. Ар бир граммын таразага тартышат. Андан сырткары, баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлган. Бул жагынан канадалыктарга баа берсек болот. Ал эми Кумтөрдү иштетүүдө алтындан башка күйүүчү май, тетиктерди, тамак-аш сатып алмай деген бир топ иштер бар. Мына ушул жагынан уурдалышы мүмкүн. "Кумтөр" бизге өткөндөн кийин бул маселе боюнча Эсептөө палатасын жибергем. Текшерүүдө кээ бир материалдар базар баасынан өйдө сатып алынып тургандыгы аныкталды. Ошол үчүн "Кумтөрдүн" жетекчилигин алмаштырып, мындан ары "Кумтөрдү" мамлекет көзөмөлгө аларын түшүндүрүп, ар бир тыйын үчүн жооп берерин эсине салып, жаңы жетекчи койдук", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы Башкы прокуратура баштаган топ текшерүүнү уланта турганын, аларга бир ай убакыт берилгенин кошумчалаган.
Садыр Жапаров: Кумтөрдөн быйыл 500 млн. долларга чейин киреше алабыз